Бул Наргиза Сабырбекова аттуу кыздын баяны, ал өзү жаш болсо дагы Токмокто өзүнүн чакан бизнесин ийгиликтүү башкарат. 2015-жылы жергиликтүү калк «Пятачок» деп атаган жерден, аялдаманын жанынан 1-кичирайонунан контейнер ижарага алып кийим сатуу ишин баштайт. 
Үч жыл өткөндөн кийин 2018-жылы жаш ишкер айымга товар айлантууну көбөйтсө, бизнеси кыйла жакшыра тургандыгы белгилүү болот. Максатка умтулган ишкер айым товар айлантуусун жогорулатуу үчүн займ алат, дал ошол убактан баштап   Наргиза менен «Алма Кредит» компаниясынын ортосунда кызматташуу башталат. Ал насыяны жаба ала тургандыгына көзү жеткенден кийин, кайрадан насыя алып, жаңы соода аянтынан дүкөн ачат. 

Наргиза азыркы учурда кардарларга ар түрдүү ассортименттеги аялдардын, эркектердин жана балдардын кийимдерин, ошону менен катар суроо-талап жогору болгон түркиянын сапаттуу товарларын сатып келет. Ийгиктүү ишкер айым дүкөндө иштеп жүргөн мезгилинде өзүнүн жакшы кардарларын топтогон. Алар: "Умут-Ко", балдарына жакшынакай сапаттуу кийим алган Токмоктогу мектеп окуучуларынын ата-энелери, оорукана кызматкерлери, өрт өчүрүү кызматкерлери ж.б. Наргиза аркылуу кардарлар сапаттуу кийимдердин жакшы жетирүүчүлөрдү жана сатуучуларды, ал эми «Алма Кредит» МФК аркылуу Наргиза өзүнүн өсүп келе жаткан бизнеси үчүн ыңгайлуу насыяны, ишенимдүү өнөктөштү тапты. 

Наргиза дайыма насыя алган «Алма Кредит» филиалынын директору Мээрим Токтогулова, буларга токтолду: «Биз кардарыбыздын ишкерликтеги стратегиялык ой жүгүртүүлөрүнө суктанып бүтпөй келебиз. Наргиза өзүнүн ар тараптуу таланты менен ишкерлик карьерасында  көптөгөн ийгиликтерге жетишет. «Алма Кредит» компаниясы ага бизнесин кеңейтүү үчүн жеткиликтүү жана пайдалуу насыялоону сунуштоо менен дайыма бирге болот». 

«Алма Кредит» ЖАК МФКсына ыраазычылык билдирем, -деди Наргиза Сабырбекова, мен өзүмдүн кыялымдагы дүкөнгө ээ болдум. «Алма Кредит» менен иштеген жемиштүү жылдар ичине дээрлик толук өз ара түшүнүүгө жетише алдык. Менин насыя боюнча жакшы баяным бар, бул үчүн мен сыймыктанам. Биз дагы көп жылдар бирге иштешебиз деп ишенем.    Алар менен иштөө жагымдуу болду жана кесипкөй, түшүнүктүү команда түзгөндүгү үчүн «Алма Кредитке» ыраазычылк билдирем».