Эреже болгондой, бизнести калыптандыруунун алгачкы мезгилин ийгиликтүү жеңген ар бир ишкер кеңейтүү жана өнүктүрүү жөнүндө ойлоно баштайт. Бирок Кыргызстанда бизнести өнүктүрүү кошумча каражаттарды тартууну талап кылат. Биринчи кезекте, “бизнести өнүктүрүү” түшүнүгү аны өстүрүүнү жана кеңейтүүнү түшүндүрөт, ал жүгүртүү каражаттарын толуктоодо (көбүрөөк товар сатып алуу үчүн), бизнес үчүн жаңы имараттарды курууда же иштеп жаткан бизнести кеңейтүүдө, жаңы жабдуу сатып алууда камтылган. Сиз Кыргызстанда өз бизнесиңизди кантип өнүктүрө турганыңыз – Сизден гана көз каранды болот. Ал эми мында Сизге «Алма Кредит» МФК ЖАКнан бизнести өнүктүрүүгө кредит жардам бере алат.

Шарттары жана артыкчылыктары:

  • Сумма: 10000 - 14 000 АКШ доллары
  • Кредиттин мөөнөтү: 3 айдан 36 айга чейин
  • Жашыруун комиссиялардын жана кошумча жыйымдардын жоктугу
  • Кредиттик өтүнмөнү тез иштеп чыгуу
  • Кесипкөй мамиле жана жекече мамиле кылуу

Бизнес – кредиттердин багыты

  • Негизги каражаттарды сатып алууга, оңдоого, модернизациялоого/реконструкциялоого, курууга кредиттер
  • Жүгүртүү каражаттарын толуктоого кредиттер
  • Инвестициялык максаттарга кредиттер – бизнес ишмердиктин жаңы багытын каржылоо

Жүргүзгөн бизнеси алгачкы жана азырынча жападан жалгыз болуп саналган, башталгыч ишкерлер эмне кылышы керек? Кредит жок жеке компанияны ачуу дээрлик мүмкүн эмес, анткени баарынын эле колунда жетиштүү акча жок. Эгер күтө туруп жана каражат топтосо, анда бизнес-идея эскирип жана актуалдуу болбой калышы мүмкүн. Бул учурда МФК «Алма Кредит» ЖАК сунуштаган, бизнести өнүктүрүүгө кредит алуу мыкты чечим болушу мүмкүн.

Биз бизнеске кредитти МФК «Алма Кредит» ЖАК Бишкек, Кара-Балта, Ош, Токмок шаарларындагы кеңселеринен ала аласыз.

Биздин кредит адистерибиз Сизге чакан жана орто бизнеске кредит берүү маселелери боюнча кеңеш берүүгө, МФК “Алма Кредит” ЖАК менен иштешүүнүн артыкчылыктары жөнүндө айтып берүүгө жана ийкемдүү мөөнөт менен жеке чечимдерди иштеп чыгууга жардам берүүгө кубанычта болот. 

“Алма Кредит» МФК ЖАК жеке адамдарга коммерциялык, керектөө жана айыл чарба максаттарына ийкемдүү шарттарда кредиттерди сунуштайт.

Биз Бишкек, Кара-Балта шаарларында ар кандай кредиттерди сунуштайбыз:

  • Автомобиль сатып алууга авто-кредит жана чоң жана майда тиричилик техникасын, мобилдик телефон, ноутбук жана башка керектүү товарларды сатып алуу үчүн кредиттер
  • Турак жайды оңдоого, кышкы суукка карата жылуулоого, жаңы жылга турак жайды жаңылоого кредит
  • Окууга кредит, Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү орто жана жогорку окуу жайларындагы окууга төлөөгө кредит
  • Үйлөнүү үлпөтүнө, эс алууга жана башка майрамдык иш-чараларга кредит (туулган күн, Жаңы Жылды жана башка салттуу жана үй-бүлөлүк майрамдарды майрамдоо)
  • Бизнеске кредит – биз менен Сиз өз ишиңизди баштап же бизнесиңизди өнүктүрүүгө кредит ала аласыз
  • Айыл чарбасына кредит (техника сатып алуу, жеке көмөкчү чарбаны өнүктүрүү, талаачылыкка фермердик кредиттер, өсүмдүк өстүрүүчүлүккө жана багбанчылыкка кредиттер, ошондой эле мал багууга жана көбөйтүүгө кредит)

Шарттары жана артыкчылыктары:

  • Сиз күрөөсүз, кепилчилик берүүсүз же күрөө менен кредит алууну өзүңүз тандаңыз
  • Биз кредиттик өтүнмөнү тез карап чыгууну камсыздайбыз – биз Сиздин убакытты баалайбыз!
  • Биз Сизге кесипкөй мамиле кылууну жана сабаттуу кеңеш берүүнү кепилдейбиз

Сиз өзүңүздүн керектөө кредитиңизди Бишкек, Кара-Балта, Ош, Токмок шаарларындагы «Алма Кредит» МФК ЖАК кеңселеринде тариздей аласыз.

МФК «Алма Кредит» ЖАК керектөө кредиттери Сиздин жашооңуздун деңгээлин жогорулатууну шарттайт. Керектөө кредиттеринде анчалык чоң эмес сумма басымдуулук кылат, ошондуктан аларды төлөө оңой. Бардык кредиттин максаты, биринчи кезекте, Сизге милдеттүү түрдө тындыруу шарты менен, шашылыш түрдө белгилүү максаттарга акча керек болгон учурдагы жардам болуп саналат. Көпчүлүк адамдарга кредиттер өзүнүн жашоосун жөнгө салууга жана форс-мажордук кырдаалдарды жеңүүгө жардам берет.

Биздин кредит адистерибиз Сизге кеңеш берүүгө, «Алма Кредит» менен иштешүүнүн артыкчылыктары жөнүндө айтып берүүгө жана ийкемдүү мөөнөттөр менен жеке чечимдерди иштеп чыгууга жардам берүүгө кубанычта болот. Биз Сиздин телефон чалууңузду күтөбүз!

Насыя алууга онлайн өтүнмөсүн толтуруу - Убактыңызды үнөмдөңүз!