Жаңылыктар
«АЛМА КРЕДИТ» МИКРОФИНАНСАЛЫК КОМПАНИЯСЫ «АЛА-АРЧА» ЧУРКОО ЖАРЫШЫНА КАТЫШЫП, КОМАНДАЛЫК ДУХТУ БЕКЕМДЕДИ
«Дени сактын руху сак!» - эрежесин жакшы билген «Алма Кредит» микрофинансалык компаниясынын кызматкерлери өткөн жекшембиде «Ала-Арча» чуркоо жарышына катышышты. Компаниянын кызматкерлери үчүн спорттук иш-чараларга катышуу салт болуп калды. «Алма Кредит» Кыргызстандагы маданият жана спорт тармагындагы ар кандай социалдык демилгелерге колдоо көрсөтүү менен катар спортко болгон сүйүүнү өзүнүн үлгүсүндө көрсөтүүгө аракет кылууда. Спорт- бул командалык иш, анткени ал коллективдин байланышын бекемдөө менен катар кесиптештерине болгон жоопкерчилик жана колдоо сезимин күчөтөт, атап айтканда биз ушуга умтулабыз, так ушул сапаттар Компанияны ынтымактуу жана биримдиктүү кылат.